ИЙГИЛИКТҮҮ БОЛУУ ҮЧҮН БАРДЫГЫ ИЛИМГЕ МУКТАЖ,
БАРДЫГЫ ЖАШООСУН МЫКТЫ ТАРАПКА ӨЗГӨРТҮҮНҮ КААЛАШАТ.
Тренинг: «Каржы сабаттуулугу»
Күнү жана сааты: 2014-жылы 11-июнь, саат 17:00
Жери: Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздөөчүсү Аскар Салымбековдун атынан ѳзгѳчѳ мүмкүнчүлүк катарында Саидмурод Давлатовдун каржы сабаттуулугу боюнча "Акчаны сактоо жана аны кѳбѳйтүү" аттуу тренинги сунушталат. Тренинг 11-июнда, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында саат 17:00 башталат.
Тренинг Эл аралык адам өнүктүрүү борбору «САМО» тарабынан жана Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун демилгеси менен ишке ашмакчы.
С. Давлатов - психология илимдеринин доктору, эл аралык бизнес-тренер, бизнесмен, ошондой эле“Кумурска философиясы” аттуу китептердин автору, ырчы, спорт чебери. Дүйнѳдѳгү белгилүү бизнес-тренерлердин: М. Норбеков, Б. Шефер, Б. Трейси, С. Кови окуучусу, андан тышкары “Само” аттуу эл аралык адам өнүгүү борборунун негиздөөчүсү жана президенти болуп саналат.
Көптөгөн адамдар үчүн бул инсандын эмгектери каржы маселелери боюнча жана өз убактын туура колдонуу боюнча жол көрсөтүүчү эмгек болуп келүүдө.
С. Давлатовдун тренингтери турмуштун каржы жана акыл-ой чѳйрѳсүндѳ ѳсүүгѳ жана тынчсыздандырган суроолорго жооп алганга жардам берет. Ошондой эле ар бир адамдын ички жѳндѳмдүүлүгүн жакшыраак билип, жаны кубат жана идеялардын жаралышына түрткү берет. Тренингтер каржы кѳз карандысыздыктан арылууга, тынчтыкка, ишенимдүүлүккѳ жана койгон максаттарга жетүүгѳ шарт түзѳт.
Тренингдин максаты – катышуучуларга өздөрүнүн каржы ийгилигин курууга негизги инструменттерди көрсөтүү, руханий жактан өсүү жана карьерада профессионалдуу өсүүшкө умтулууга түртөт.
Төмөнкү суроолорго жооп алууга багытталат:
1. Карыздануудан кантип чыгуу керек?
2. Кошумча каражатты кантип табуу?
3. Өздүк капиталды кантип көбөйтүү?
4. Байлыкты сактап калуу?
5. Каржылык ийгиликке жетишкен адамдын ой-жүгүртүүсүн орнотуу?
Тренинг өтүүнү калагандарга Фонд тарабынан 90% арзандатуу катарында жеңилдик берилет. Билет баасы болгону 200 сом!
Каалоочулар Фонддун почтасы fpi@mail.ru же тѳмѳнкү номерлер аркылуу 10-июнь, саат 18-00гѳ чейин билеттерди алса болот: 0312 0312 690667, 0777 777807, 0700077701
Билеттер бир гана 10-июнда саат 18:00гө чейин берилет.
ШАШЫЛГЫЛА! ОРУНДАР ЧЕКТЕЛҮҮ!